Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:52

Бишкекте 3,780 млрд. доллардык баалуу кагаздар менен ири компания башчысы кармалды


Бул маалыматты Башкы прокуратуранын басма cөз катчысы Кубанычбек Сабыров бүгүн “Азаттыкка” тастыктады. Мындан улам “кылмыштык жол менен келген кирешелерди мыйзамдаштыруу” жана “контрабанда” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, алынган баалуу кагаздардын мыйзамдуулугун тактоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Кармалган адам болсо Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын тергөө абагына киргизилди. Иликтөөнүн кызыкчылыгы үчүн ал адамдын кимдиги жана баалуу кагаздар туурасында толук маалымат жарыялана элек. (KKs)

XS
SM
MD
LG