Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдымомун Мамараимовдун «Азаттыкка» билдиришинче, Бишкектеги шайлоо бекеттеринин биринде ИИМдин академиясынын кызматкерлери жана курсанттары мөөнөтүнөн мурда добуш беришип, анын жүрүшүндө мөөнөтүнөн мурда добуш берүүнүн эрежелери бузулган. Натыйжада бул фактыны БШК бүгүнкү кечки отурумунда карап чыгып, чечим чыгарары күтүлүүдө. Шайлоо кодексине ылайык, мөөнөтүнөн мурда добуш берүү шайлоо күнүнө тогуз күн калганда башталып, бир күн калганда аяктоого тийиш. (KKs)