Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:05

Нарындагы «Алмаз» радиосунун кабелин уурдаган адам кармалды


Аталган радиостанциясынын үн таратуучу кабели былтыр февралда Нарында Бакиев бийлигине каршы башталган алгачкы митингде белгисиз жагдайда уурдалган. Нарындагы “Алмаз” радиосу «Азаттык» радиосунун берүүлөрүн өз толкуну аркылуу таратып, элди жергиликтүү жаңылыктар менен камсыз кылып турган. Радио жетекчилиги ал окуяны саясат менен байланыштырып, ал кездеги бийликти күнөөлөгөн. 8-октябрда аталган иш боюнча алгачкы сот отуруму болбой калды. Бирок тергөө абагында олтурган айыпкер делинип жаткан Рахат Өмүров сотко келбей калгандыктан иш каралбай калды. Бирок радионун кызматкерлери кабелди бул киши уурдаганына анча ишенбей тургандыктарын айтышууда. (JI)

XS
SM
MD
LG