Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:59

Коомдук телеканалдын жетекчисин шайлоо кайрадан өткөрүлөт


Мындай чечимди КТРКнын Байкоочулар кеңеши бүгүн кабыл алды. Кечээ көпчүлүк добушка ээ болгон Илим Карыпбеков КТРКнын жетекчилигинен баш тартты. Жаңы шайлоо 1-ноябрдан тарта жарыяланат, ага азыркы шайлоого катышкан талапкерлер жана башка талапкерлер да катыша алышат.

Коомдук телеканалдын жетекчилигине күч сынашууга 22 киши катышкан. 1-айлампадан 20 киши өтүп, 2-айлампадан төртөө: Болот Казаков, Илим Карыпбеков, Эрнис Мамырканов жана Кубат Оторбаев алдыга чыгышкан. 8-октябрдагы жашыруун добуш берүүдө Илим Карыпбеков көпчүлүк добушка ээ болгон. Илимбек Карыпбеков жетекчиликтен баш тартууга Байкоочулар кеңештин шайлоо эрежеси бузулганы себеп болгону менен түшүндүрдү. (ZKo)

XS
SM
MD
LG