Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:24

Аба ырайы


Кыргыз гидрометеорология борборунун шашылыш билдирүүсүнө караганда Чүй, Талас жана Ысык-Көл облустарынын айрым тоолуу жерлеринде 0…-2 үшүк жүрөт. Мындай үшүк жыйналбаган жылуулукту сүйүүчү жемиш бактарына, жашылчаларга жана казып алынып, жабылбаган картошкага коркунуч алып келет.

Аба ырайын маалымдоочу борбордун кабары боюнча 10-октябрда республиканын бардык аймактарында ала булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман капташы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, Ысык-Көл акваториясында 10-14 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 1-6 градус, күндүз 11-16 даража жылуу, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 5-10, күндүз 17-22 даража жылыйт, Баткенде түнкүсүн 3-8, күндүз 16-21 даража жылуу. Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1-6, күндүз 15-20 даража ысыйт. Тоолуу Нарында түнкүсүн -3 градустан 2 градуска чейин жылыйт, күндүзү 11-16 даража жылуу, Таласта түнкүсүн 0-5, күндүз 13-18 даража жылыйт.

Ал эми Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүүсү мүмкүн, батыштан секундасына 2-7 метрге жеткен шамал согуп турат. Абанын температурасы түнкүсүн 2-4, күндүз 16-18 даража жылуу болот.

XS
SM
MD
LG