Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:32

“Ата Журт” партиясынын кеңсесине кол салуу болду


Кечээ түндө белгисиз бирөөлөр партиянын Кочкордогу кеңсесин талкалап кирип, андагы компьютер жана башка иш кагаздарын көтөрүп кетишкен. Бул тууралуу “Азаттыкка” партиянын теңтөрагасы Садыр Жапаров билдирди. Анын айтымында, бул иш боюнча арыз Кочкор райондук прокуратурасына жолдонду.

Партия мүчөлөрү муну атайын жасалган чагым катары баалашууда.

5-октябрь күнү 7-апрелде жакындарын жоготкон адамдар “Ата Журт” партиясынын Бишкектеги башкы штабына кирип барып, үгүт материалдарын жана желекчелерин өрттөп салышкан. Алар партиянын жолбашчыларынын бири К. Ташиевди шайлоочулар менен жолугушуу учурунда мурдагы президент К. Бакиевди кайра өлкөгө алып келем деп айткан деп айыпташкан. К. Ташиев жана анын партиялаштары муну бийликчил партиялардын атайын жасаган чыгымы деп айыптап чыгышкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG