Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:06

Европарламент ЖКнын жаңы курамы менен кызматташат


Жогорку Кеңеш шайланып келгенден кийин анын жаңы курамы Европарламенттин отурумуна чакырылат. Бул тууралуу Европарламент делегациясынын өкүлү Катерина Неведалова бүгүн президент Роза Отунбаева менен жолугушуу учурунда билдирди. Анын сөзү боюнча Евробиримдик Кыргызстанда өтө турган парламенттик шайлоону өлкөнүн өнүгүшүнө жана туруктуулугуна жасалган маанилүү кадам деп эсептейт жана шайлоолор акыйкат жана көз карандысыз өтөрүн каалайт.

Роза Отунбаева өз кезегинде азыркы Борбордук шайлоо комиссиясы эч кимден көз карандысыз экендигин белгилеп, өлкө кадам таштап жаткан парламенттик башкаруу системасы өлкөнүн демократия жолунда ар тараптуу өнүгүүсүнө шарт түзөт деген оюн билдирди. (ZKo)

XS
SM
MD
LG