Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:31

Пакистанда НАТОнун жүк ташуучу унааларына дагы чабуул болду


Окуя Пакистандын түштүк-батышында болгон. Андан кеминде бир күзөтчү жаракат алганы кабарланууда. Жергиликтүү бийликтер күйүүчү май куюлган 30 цистерна күйүп кеткенин айтышты. Айрым кабарларга караганда, соңку бир аптада Ооганстандагы НАТОнун аскерлерине май ташыган унааларга каршы алтынчы жолу чабуул болуп жатат. Өткөн аптада НАТОнун күчтөрү абадан сокку уруп, пакистандык үч аскер курман болгондо, расмий Исламабад траспорттук коридордун бирин жаап салган. Бирок Пакистандын түштүк-батышынан өтчү экинчи коридор ачык бойдон турат.

XS
SM
MD
LG