Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:36

Курултайдын маданийи да бар


Бакыт Көбөгөнов Франкфурт курултайында. 2010-жылдын 9-октябры. TCh.
Бакыт Көбөгөнов Франкфурт курултайында. 2010-жылдын 9-октябры. TCh.

Германиядагы кыргыз жаштары кезектеги курултайын өткөрүштү. Алардын жолугушуусу жаштык майрамы гана болбостон, атажурт тагдыры тууралуу олуттуу талкуулар менен да коштолуп жатты.

Тогуздун айынын (октябрдын) 9унда Германиянын Франкфурт-Майн шаарында кыргызстандык жаштардын кезектеги шеринеси – маданий курултайы өткөрүлдү. Чакан ресторандагы бул жолугушууга күбө болуу үчүн атайын Прагадан келгеним ырас болгон экен деп ойлоп койдум.

Чет жерде жүргөн ала-тоолук жаштардын топтору, адатта, маданий окуяга саясий символиканы жуурулуштурууга умтулушат.

Германиядагы улан-кыздар да бул салттан жазбай, тике туруп Кыргызстандын гимнин угушту: айрымдары ырдап жатты, көпчүлүгү колдорун көкүрөгүнө коюп турушту.

Маданий курултайдын уюштуруу тобунун башчысы, жаш адис Бакыт Көбөгөновдун “Азаттыкка” ырасташынча, жыйынга Франкфурттагылардан тышкары башка да немис шаарларында жашаган ала-тоолук улан-кыздар жана айрым улуу муундагы эмгек мигранттары, жалпысынан 70тей киши катышты.

Улан-кыздар оюн-шооктун ар кыл түрлөрүн уюштурууну мыктылап өздөштүргөн экен.

Аларды көрүп, тээ өткөн кылымдагы анекдотто айтылгандай, “ырчы Алла Пугачеванын чыгармачыл өркүндөө заманында бийликте турган, азыр ысымы унутулуп бараткан саясатчы Леонид Брежневдин учуруна” туш келген күлгүн кезим эске түштү.

Бизде деле кызыктуу оюндар бар болчу, бирок азыркы жаштардын арымы да, эркиндиги да элден башкача...

Оюма жолтоо болуп, бир жаш жигит саясатташкан суроо бере салды да, жаӊы тема табылып, азыркы саясий партияларды четинен “чагып” кирдик.

Саясат демекчи, Кыргызстандын Франкфурт-Майндагы консулу, жаш дипломат Эрмек Өмүров мырза да бул жыйынга катышып отурду.

Кыргызстандын Франкфурт-Майндагы консулу Эрмек Өмүров. 2010-ж., 9-октябр. TCh.


Анын “Азаттыкка” маалымдашынча, 10-октябрга белгиленген парламенттик шайлоого, жалпысынан, Германиядагы миӊден ашуун кыргызстандык атуул катышаары жоромолдонууда.

Алардын добуш берүүсү үчүн өлкөнүн Берлин, Бонн жана Франкфурт шаарларында үч шайлоо бекети ачылган.

Шайлоого кыргыз жаштары жигердүү катышат ко, дейт консул.

Бирок чет жерлерде уруксатсыз калып иштеп жүргөн жаштардын көпчүлүгү, андан тышкары, Кыргызстандын элчилик же консулдук кызматтары таптакыр ачыла элек чет мамлекеттердеги көптөгөн кыргыз атуулдары бул добуш берүү өнөктүгүнөн четте кала берип жатканын жаштар көзмө-көз баарлашуу маалында кейип айтып жатышты.

Маданий курултайга келип, эл-жерге сагынычын жазган жаштар “келээрки жолугушууга чейин” деп таркашты.

Алардын биринен “немис элинин кайсы салтын Кыргызстанга ала кетээр элеӊ?” деп сурасам: “Албетте, тактык менен мээнеткечтикти” деп жооп узатты. Ылайым ошондой болсо экен!
XS
SM
MD
LG