Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:19

Бүгүн Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо күнү


Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, өлкөнүн бардык аймагында 2289, чет өлкөлөрдө 44 шайлоо түйүнү түзүлгөн. БШКнын өкүлү Абдымомун Мамараимовдун “Азаттыкка” маалымдашынча, Кыргызстан шайлоого даяр жана бул ирет шайлоонун жүрүшүнө элүүдөн ашуун өлкөдөн 850 эл аралык байкоочу көз салмакчы. Алар: ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу, КМШ, ЕврАзЭШтин парламенттер аралык ассамблеясы, ШКУ миссиясы, Европа парламенти өңдүү уюмдар. Булардан сырткары ушул күнү беш миңден ашуун жергиликтүү байкоочу шайлоонун жүрүшүнө көз салат. Парламенттик шайлоону бул ирет чет өлкөлөрдүн 60тан ашуун маалымат каражаттарынан 135тен ашуун журналист чагылдырмакчы. Шайлоого 29 партиядан үч миңден ашуун талапкер ат салышууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG