Ресупбликанын бардык аймактарында дээрлик бардык добуш берүү жайлары саат 8де ачылып, Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо башталды. БШКнын өкүлү Жеңиш Акматовдун “Азаттыкка” кабарлашынча, бардык добуш берүү түйүндөрү шайлоочуларды кабыл алууга даяр жана алар менен маалымат алмашуу жүрүп жатат. Эки миңден ашуун аймактык шайлоо жайлары менен байланышуу максатында факстар орнотулган. Мындан сырткары “ГАС Шайлоо” системасы ишке кирип, канча адам добуш бергени тууралуу маалыматтарды түз алууга болот. Бул ирет шайлоонун жүрүшүнө 850 эл аралык байкоочу көз салса, 135 чет элдик журналист добуш берүү процессин чагылдырат. Бул - Кыргызстандын тарыхындагы эң көп көрсөткүч.
Кыргызстандын аймагында 2289 шайлоо участогу түзүлгөн. Жогорку Кеңешке шайлоого 29 партия ат салышууда. Жеңүүчү болгон партияга парламенттен 65 орундан ашык эмес мандат берилет жана алар өкмөттүн курамын түзөт. Добуш берүү кечки саат 20:00дө аяктайт. (КЕ)