Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:47

Саат 9га карата шайлоочулардын 3,11% добуш берди


БШКнын маалыматы боюнча, саат 9:00гө карата республиканын бардык аймактарында 64 миң 979 шайлоочу добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 3,11% түзөт. Маалыматка караганда, шайлоочулардын активдүүлүлүгү Нарын облусунда байкалууда. Нарында шайлоочулардын 4,19 пайызы добуш берүүгө жетишкен. Андан кийинки орунда Жалал-Абад турат. Ош шаарында салыштырмалуу азыраак адам добуш берген.

Ушул тапта жалпысынан 2289 добуш берүүчү жай ачылып, иштеп жатат. Ал эми өлкөдөн сырт жакта түзүлгөн добуш берүү участоктору ошол өлкөнүн убактылары боюнча ачылмакчы. (КЕ)

XS
SM
MD
LG