Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 10:41

Баткенде шайлоочулардын активдүүлүгү байкалууда


"ГАС Шайлоонун" маалыматы боюнча, Баткен облусунда ушул сааттарга карата шайлоочулардын 10 155и добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 4,42 пайызын түзөт. Андан кийнки орунда Нарын облусу келетат. Азырынча Ош, Бишкек шаарлары жана Чүй облусунда шайлоочулардын активдүүлүгү төмөнүрөөк. Жалпысынан ушул сааттарда шайлоочулардын 79 миң 58и добуш берүүгө жетишти.

БШКнын маалыматы боюнча, шайлоочулардын тизмесине 2 миллион 836 миң 567 киши киргизилген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG