Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Жеңиш Акматов журналисттерге маалымат берип, шайлоочулар арасында канча партияга добуш берүү керектигин сураган кайрылуулар көп болуп жатканын айтуу менен шайлоочулар бюллетенде белгиленген 29 партиянын бирөөсүнө гана добуш бериши керектигин эскертти. Шайлоо кодексине ылайык, бирден көп партияга добуш берилген бюллетендер жокко чыгарыларын белгилеген Ж. Акматов өлкө аймагындагы ар бир жергиликтүү шайлоо түйүндөрү менен уюлдук байланыш түзүлгөнүн, кайсы добуш берүү жайында мыйзам бузуу болсо, ал жак менен дароо байланышуу мүмкүнчүлүгү бар экендигин билдирди.(KKs)