Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:03

Президент №1216 шайлоо участогунда добуш берди


Президент Роза Отунбаева парламентке 7-апрелде бийликке келген партиялар да, оппозициялык маанайдагы партиялар да өтөрүн белгилеп, таза шайлоо өткөрүүнүн бир топ механизмдери колдонулганын кошумчалады. Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Р.Отунбаева кээ бир партиянын өкүлдөрү коңшу өлкөлөрдө болуп, жетекчилик менен жолугушууларды өткөрүп жаткандарына көз карашы түз экенин айтты. Ал эми өкмөттүн курамы боюнча айткан Роза Отунбаева "Конституция боюнча президенттин парламентке өкмөттүн курамын сунуштоого эки жолу мүмкүнчүлүк берилет, эгерде парламент аны кабыл албаса үчүнчү жолу өзү курамын бекитет. Бул курам да өтпөсө президент парламентти таркатып, жаңы шайлоо дайындоого аргасыз болот”,- деп белгиледи. (КЕ)

XS
SM
MD
LG