Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:27

Жаңы конуштардын айрым тургундары шайлоого катышпай калды


Аламүдүн районуна караштуу Ак-Жар жана Тынчтык, Бишкек шаарындагы Алтын-Казык жаңы конуштарынын жети миңден ашуун тургуну парламенттик шайлоого катыша албай калышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” жергиликтүү тургундар маалымдашты. Алар буга чейин өкмөткө бир нече ирет кайрылып, Ак үй алдында нааразычылык акцияларын өткөрүп, жашаган үйлөрүн мыйзамдаштырып, өздөрүн туруктуу каттоого коюу талабы менен чыккан, бирок андан майнап болгон эмес.

Жергиликтүү тургундар ушул жылдын 27-июнь күнү өткөн жалпы элдик референдумга катышып, бирок парламенттик шайлоодо добуш бербей калгандарын “акылга сыйбаган көрүнүш” катары баалашты.

Шайлоодо ат салышып жаткан бир катар партиялар Бишкек шаарындагы жана анын тегегиндеги жаңы конуштарда жашаган 50 миңден ашуун киши шайлоо укугунан ажыратылгандыгын белгилешип, бул чоң чырга айланып кетиши мүмкүн экендигин өнөктүк алдында эскертишкен.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Жаркын Бапанова бул үчүн БШК жооптуу болбогонун, Шайлоо кодексине ылайык ар бир жаран катталган жеринде гана добуш берүүгө акылуу экендигин айтты. (ATo)

XS
SM
MD
LG