Биринчи вице-премьер-министр Амангелди Муралиев Бишкек шаарындагы №1216 шайлоо жайында добуш берди. Журналисттердин суроолоруна жооп берип, Муралиев бүгүн өлкөдө демократиялык шайлоо өтүп жатканын белгиледи. “Мен Кыргызстандын келечеги, башталган реформалардын ийгиликтүү уланышы үчүн добуш бердим”,-деди Амангелди Муралиев.