Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:45

Ө. Текебаев: Бул жолку шайлоого кылмыш дүйнөсү аралашууда


Мындай пикирин “Ата мекен” партиясынын төрагасы бүгүн добуш бергенден кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Ал Кыргызстандын тарыхында дээрлик алгачкы жолу шайлоо бийликтин кийлигишүүсүз өтүп жаткандыгын, бирок ошол эле учурда башка факторлор таасирин тийгизип жаткандыгын айтты. Ө. Текебаевдин ою боюнча бул жолку шайлоого кылмыш дүйнөсү аралашып, өз шарттарын коюуга аракеттенип жатат. "Кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү кээ бир партиялардын тизмесинде депутаттыкка талапкер катары да катталышкан, ошондуктан бул реалдуу фактор болуп эсептелет",-деди Ө. Текебаев. Ошондой эле ал шайлоого акча жана чет мамлекеттердин кийлигишүүсү да терс таасирин тийгизүүчү факторлор болуп саналарын кошумчалады.

“Ата Мекен” партиясы 2007-жылы парламенттик шайлоодо Ош шаарынан 0,5% тоскоолду өтө албай калды деген негиз менен парламентке кое берилген эмес. Партия лидерлери бийлик шайлоонун жыйынтыктарын бурмалады деп айыптап чыгышкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG