Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:34

“Ата Журт”: Үкөк маселеси – БШКнын кемчилиги


Партиянын теңтөрагасы Садыр Жапаров шайлоо участокторун бюллетендердин өлчөмүнө жараша үкөктөр менен камсыз кылуу БШКнын түздөн-түз милдети болчу деп эсептейт. Анын ою боюнча, үкөктөрдүн ичин башка жакка төгүп бошотуу – добуш уурдоого шарт түзүп бериши толук ыктымал.

Шайлоо жайларында добуш берилген бюллетендер салынчу үкөктөр толуп калганы тууралуу маалыматтар "Азаттыкка" республиканын туш-тарабынан түшүүдө. Акыйкатчынын Жалал-Абаддагы өкүлү Алима Аманованын “Азаттыкка” билдиришинче, Сузак районунун Сузак айлындагы шайлоо участогунда толуп калган үкөктөгү бюллетендерди үстүңкү кабаттагы бир бөлмөгө төгүп, эшигин бекитип коюшкан. Аталган участоктун шайлоо комиссиясынын төрагасы Шухрат Хамкелдиев үкөк толуп калгандыктан мындан башка арга болбогонун айткан. Сузак райондук шайлоо комиссиясы бул маселе боюнча тез чара көрүлөрүн маалымдоодо.

Айрым талдоочулар толуп калган үкөктөрдү бошотуу маселеси добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарууда чыр-чатак чыгуусуна алып келиши ыктымалдыгын белгилешүүдө. БШК бул маселе каралып жаткандыгын, жакын арада чечилерин билдирди.(ZKo)

XS
SM
MD
LG