Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:23

Москвадагы шайлоочуларда нааразылыктар болууда


Бир катар саясий партиялардын байкоочулары Орусиядагы шайлоо жайларында болуп жаткан мыйзамсыздыктар тууралуу маалымдашты. Ага ылайык таң эртеден курулуштардан, базарлардан кыргызстандык жарандарды, студенттерди автоунаа менен добуш берүүчү жерлерге ташуу байкалууда. Ал эми Москвадагы кыргыз элчилигинин шайлоо участогуна добуш берүү үчүн келген кыргызстандыктар тизмеден өздөрүнүн аты-жөнүн таппай жатышканы, көпчүлүк мигранттарга жалпы жарандык паспорт менен добуш берүүгө уруксат берилбей жатканы кабарланган.

Элчиликтен "Азаттыкка" билдиришкени боюнча, добуш берүүгө тизмеде катталган жарандар Кыргызстандын жарандыгын тастыктаган ID паспорту менен коё берилүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG