Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:45

Пакистан Ооганстан менен чек арасын ачты


Пакистан Ооганстан менен негизги чек ара өткөөлүн ачты. Ал жол аркылуу НАТОнун Ооганстандагы күчтөрүнө жүк ташылчу. Пакистан бажы кызматынын өкүлү билдиргендей, бүгүн Торхам постунан ондогон машина өттү. 30-сентябрда НАТОнун тик учагы капысынан пакистандык 2 жоокерди атып алгандан кийин Пакистан Ооганстан менен чек арасын жаап салган. Бейпилдик контингентине багытталган жүк орто жолдо калып, 11 күндүк камоол учурунда көптөгөн машина, цистерналар согушкерлер тарабынан өрттөлүп жиберди.

XS
SM
MD
LG