Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:40

Сырттагы жарандардын добуш берүүсү 56,8 пайызга жетти


Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, бул саат 18:00гө карата көрсөткүч. Орусиянын шаар-дубандарында иштеп, окуп жүргөн кыргызстандыктардан 40 070 шайлоочу добуш берди. Коңшулаш Казакстанда 2037, Өзбекстанда 192, алыскы Австрияда 25, Германияда 489, Белгияда 100, Дубай шаарында 69, Иранда 28, Пакистанда 32, Түркияда 202, Түштүк Кореяда 95, Кытайда 80 кыргызстандык жаран Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жараянына катышты, деп маалымдайт тышкы иштер министрлиги.(ZKo)

XS
SM
MD
LG