Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:10

Күч органдары айың кептерди таркатуудан оолак болууга чакырууда


УКМКнын жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев өлкөдө коосуздукту камсыз кылууда бардык күч структуралары биргелешип кызмат өтөп жатканын билдирип, Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешкен аймактар күчөтүлгөн тартипте коргоого алынганын кошумчалады. Анын айтымында, өлкөдө чагымчыл аракеттерди алдын алуу максатында заманбап техникалар колдонулууда. Ал эми ички иштер министри Зарылбек Рысалиев шайлоонун тынч өткөнүн белгилеп, ага милиция кызматкерлеринин салымы чоң болгонун кошумчалады. З.Рысалиевдин айтымында, шайлоо бекеттери жабылгандан тартып милиция кызматкерлери бюллетендерди саноо жана аларды аймактык шайлоо комиссияларына жеткирүүдө коштоп коопсуздукту камсыз кылышкан. “10-октябрда өлкө боюнча болгону тогуз кылмыш иши катталды, бул башка күндөргө салыштырмалуу аз көрсөткүч. Ал эми шайлоого байланышкан тартип бузуулар катталган жок”,- деди министр.

Шайлоо алдында өлкөдөгү кырдаалды көзөмөлдөө максатында милиция 5-октябрдан тартып күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Бул үчүн 7 миң милиция кызматкери тартылып, аларга 13 миңден ашуун элдик кошуундун өкүлү көмөк көрсөтүүдө. (ES)

XS
SM
MD
LG