Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:26

УКК К. Байболовго каяша билдирди


Улуттук коопсуздук кызматы бүгүн билдирүү таратып, башкы прокурор Кубатбек Байболовдун маркум журналист Геннадий Павлюктун эстелигин ачуу учурунда сүйлөгөн сөзүн сынга алды. Буга баш прокурордун Коопсуздук кызматын кылмыш уюму катары жоопко тартуу демилгесин көтөрөрү тууралуу айтканы негиз берген. “Коопсуздук кызматы кылмыш уюму болуп эсептелбейт, кылмыш уюму болуп коопсуздук кызматын жана Башкы прокуратураны өз максаты үчүн колдонгон мафиялык-кландык бийлик эсептелет”,-деп белгилеген Коопсуздук кызматы бүгүнкү күнү тазалоону мурдагы бийликтин журналисттерди куугунтуктоо, демократ лидерлерди камакка алуу куралы болгон, үй-бүлөлүк башкарууга мыйзамдык негиз түзүп берген прокуратура органдарында да жүргүзүү зарыл деп билдирет. Ошондой эле анда азыркы учур бардык күч кызматтары биригип, өлкөдө туруктуулукту жана тартипти орнотуу, жарандардын укугун жана эркиндигин коргоого чогуу аракет кылуусун талап кылып жатканы белгиленет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG