Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:17

БШК: 5 партия аймактардан 0,5% тоскоолду өттү


БШКнын мүчөсү Мурадил Жаңжалбеков журналисттерге билдиргени боюнча “Ата Журт”, СДП, “Ар-Намыс”, “Республика” жана “Ата Мекен” партиялары бардык облустардан жана Бишкек, Ош шаарларынан талап кылынуучу 0,5% босогодон өтө алышты.

БШКнын маалыматы боюнча 2 млн. 836 567 шайлоочу бар. 5% тоскоолдон өтүү үчүн партиялар жалпы республика боюнча 141 828 добуш алышы керек. Ал эми аймактардан 0,5% тоскоолду өтүү үчүн Ош облусунда 2 997 добуш, Жалал-Абадда 2 487, Чүй облусунда 2 340, Ысык-Көл облусунда 1 173, Баткен облусунда 1 142, Нарын облусунда 777 добуш алууга жетишүүсү керек. Бишкек шаарында 1 703 добуш, Ош шаарынан 576 добуш, Талас облусунан 607 добуш алса болот. Бир эле аймактан 0,5% добушка ээ боло албай калган саясий партия парламентке өтө албайт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG