Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:43

М.Сариев: Шайлоо регионалдык карама-каршылыктардын таасири алдында өттү


Саясат таануучу Марс Сариев Кыргызстандагы парламенттик шайлоо бир жагынан регионалдык карама-каршылыктардын, экинчи жагынан сырткы маалымат чабуулунун таасири алдында өттү деп билдирди “Азаттыкка” берген маегинде. Анын пикирине караганда түштүк аймагында июнь айындагы кайгылуу окуялардан кийин түштүктүн лидерлеринин айланасында электораттын биригүү процесси жүрдү. Ошондуктан “Ата Журт” партиясы негизинен түштүк тарапта көп добушка ээ болду.

“Кыргызстанда партиялар болгону менен регионалдык элиталардын кызыкчылыгы бар да, түштүк элитасы дагы муну түшүнүп атат. Ошондуктан муну мен реванш катары көрөм”,-деди М. Сариев.

“Ата Мекен” партиясынын артта калышын сырткы маалымат чабуулунун таасири менен болду деп түшүндүрүүгө болот. Москвадагы НТВ телеканалы “Ата Мекен” партиясынын жамандаган маалымат чаабуулун жүргүздү, натыйжада бул партиянын электоратынын бир бөлүгүн “Ар-Намыс” партиясы тартып алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү, деп эсептейт М. Сариев. (КС)

XS
SM
MD
LG