Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:57

Шайлоо таза өткөнүн КМШ байкоочулары да белгилешүүдө


КМШ мамлекеттеринин байкоочулар миссиясы айрым бир маанисиз катачылыктарды эске албаганда 10-октябрда Кыргызстанда өткөн парламенттик шайлоо тынч жана таза өттү деп билдирди. Орусия БШКсынын мүчөсү, аталган миссиянын байкоочусу Елена Дубровина айрым шайлоо участокторунда байкоочулар бюллетендер салынуучу үкөктөрдөн алыс отургузулганын, кээ бир добуш берүү түйүндөрүнө жакын жерде үгүт кагаздары чапталып турганын, көпчүлүк шайлоо участокторунда саясий партиялар тууралуу маалымат жоктугун билдирди. Ал эми миссиянын башчысы Евгений Новожилов 10-октябрдагы шайлоо Кыргызстан үчүн демократиялык деңгээлдеги сыноо болду деген пикирин айтты.

КМШ мамлекеттеринин байкоочулар миссиясы шериктештик уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрүнөн турат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG