Кумтөр алтын кенинде бир нече күн мурун иш таштаган кенчилер компаниянын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдөн кийин айлык акыларын 50% жогорулатууга жетишти. Сүйлөшүүгө президенттик администрация, тоо-кенчилер профсоюзу, Жаратылыш байлыктары министрлиги, Адилет министрлиги, Эмгек, калкты иш менен камсыз кылуу жана миграция министрлиги жана “Кыргыз алтын” мамлекеттик ишканасынан өкүлдөр катышкан. Кумтөрдөгү тоо кенчилер профсоюзунун башчысы Эльдар Тажибаевдин маалыматына караганда, иш таштаган кенчилерге "Айдаркен сымап", “Макмал алтын” ишканаларынын да профсоюздары тилектештигин билдирген.
Кумтөр алтын кенинде иштеген жергиликтүү жумушчулар айлык акыны көтөрүү талабы менен 1-октябрда иш таштаган. Кендин ээси канадалык “Кумтөр оперейтинг компани” ишканасынын жетекчилиги иш таштоону мыйзамсыз деп билдирген. (ZKo)