Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:34

Мурдагы лашкер башчы Ооганстандын Тынчтык кеңешин жетектейт


Ооганстандын Тынчтык кеңешин Бурханиддин Раббани жетектейт. Бул тууралуу президент Хамид Карзайдын кеңсеси тараткан маалыматта айтылат. Кеңеш талиптер жана башка куралдуу топтор менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү максаты менен түзүлгөн. Раббани 1980-жылдары советтик аскерлерге каршы күрөшкөн можахеддердин лашкер башчысы болчу, 1990-жылдарда президенттик кызматты аркалап, 1996-жылы Талибан тарабынан кулатылган. "Хьюман Райтс Уоч" укук коргоо уюмунун ырастоосунда, Раббани жарандык согуш учурунда миңдеген адамдын өлүмүнө жана жер которуусуна алып келген кылмыштарга малынган адамдардын бири. Талиптер чет өлкөлүк аскерлер Ооганстандан чыкмайынча, сүйлөшүүлөр үстөлүнө отурбай турганын кайталаганы менен айрым кабарларга караганда Талибандын кээ бир лидерлери өкмөттүн расмий адамдары менен байланыш түзүү аракетин көрүп жатышат.

XS
SM
MD
LG