Жолугушууда КМШ мамлекеттеринин байкоочулар миссиясынын башчысы Евгений Новожилов миссия шайлоо күнү Баткенден тышкары бардык облустарда иштегенин маалымдап, парламенттик шайлоого кыска мөөнөттүн ичинде көрүлгөн даярдыктарга баа берди. Миссиянын өкүлдөрү участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүү жараянын таза жана акыйкат өткөрүү максатында берилип иштегенин, шайлоо учурунда шайлоочулардын укугу бузулбаганын билдиришти. Е. Новожилов бул жолу КМШ байкоочуларынын пикири менен ЕККУнун байкоочулар миссиясынын пикири дал келишкенин белгиледи: "ЕККУнун байкоочулары да кечээки шайлоону таза өттү деп белгилешүүдө, алар мындай пикирди ар дайым эле айта беришпейт. Кыргызстандагы шайлоого бүткүл дүйнө көз салып турду. Биз силердин өлкөдө жөндөмдүү, натыйжалуу парламент жана өкмөт түзүлөт деп ишенебиз", - деп билдирди ал.
Президент Роза Отунбаева өз учурунда шайлоого карата берилген оң бааларга ыраазылык айтып, бийлик элдин көз карандысыз жана эркин шайлоо укугу үчүн бардык шарттарды түзүп бергенин баса белгиледи.(ZKo)