Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:13

АКШ президенти Кыргызстандагы шайлоону кубаттады


Ак үй президент Барак Обаманын атынан тараткан билдирүүдө АКШ президенти Кыргызстандын элин жана өкмөтүн биринчи кезекте парламенттик шайлоону уюшкандыкта өткөргөнү үчүн куттуктаган. “Баарынан мурда мен Кыргызстандын шайлоочуларын тарыхый шайлоого катышканы жана өкмөтүн тынч, демократиялык жол мен тандоого дилгирлигин көргөзгөнү үчүн куттуктайм”,- деп айтылат АКШ президентинин билдирүүсүндө. Андан ары билдирүүдө шайлоого байкоо салгандар добуш берүү учурундагы айрым мыйзам бузууларды, кемчиликтерди байкаганы, алар иликтенип, оңдолуусу керектиги айтылган. "Анткен мен шайлоолор нукура демократиянын маанилүү жана позитивдүү атрибутун көргөздү. Өнөктүк учуру атаандаштуу жана жандуу өттү, шайлоо жыйынтыгы добуш берүү күнү да белгилүү болгон жок. Кыргыз өкмөтүнө жана жарандык коомго жардам көргөзүү программаларыбыз, шайлоого байкоо жүргүзүү миссияларына катышуу аркылуу мен Кошмо Штаттар демократиялык жетишкендикке көмөктөшүүдө активдүү роль ойногондугуна кубанычтамын. Шайлоолор демократиялык башкаруунун бир гана аспабы. Кыргызстанды демократиялык калыбына келтирүүнүн кийинки баскычы өлкөнү тынч жана демократиялуу башкаруучу коалициялык өкмөттү түзүү болушу керек. Соңку трагедиялык окуяларды эске алганда, алдыда олуттуу проблемалар бар. Анткен менен кечээги добуш берүү демократиянын Кыргызстандагы, Борбор Азиядагы, дүйнөдөгү колдоочуларына үмүт бериши керек жана Кыргызстандын каарман элине демократиясын чыңдоо, экономикасын кескин көтөрүү жана тынчтыкты, коопсуздукту чыңдоодо жардам көргөзүү боюнча биздин ишенимибизди жандандырат” ,- деп айтылат АКШ президентинин билдирүүсүндө. (UE)

XS
SM
MD
LG