Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:24

Аба ырайы


Синоптиктердин 12-октябрда карата берген маалыматына ылайык, Кыргызстанда түнкүсүн айрым жерлерде жаан жаап, тоолорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын багыты өзгөрүлүп, күндүз түштүк-чыгыштан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен шамал согот.

Абанын температурасы:

Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 3....8, күндүз 14...19 даража жылуу, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 9-14, күндүз 22-27 даража жылыйт, Баткенде түнкүсүн 8-13, күндүз 20-25 даража жылуу. Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4-9, күндүз 20-25 даража ысыйт. Тоолуу Нарында түнкүсүн -1 даражадан +4 даражага чейин жылуу болот, күндүзү 12-17 даража жылуу, Таласта түнкүсүн 1-6, күндүз 20-25 даража жылыйт. Тоолордо түнкүсүн -5-10 градус суук болот, күндүз -1 градустан 4 градуска чейин жылуу болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүүсү мүмкүн, шамалдын багыты өзгөрүлүп, түштүк-чыгыштан секундасына 4-9 метрге жеткен шамал согуп турат. Абанын температурасы түнкүсүн 5-7, күндүз 23-25 даража жылуу болот.

XS
SM
MD
LG