Бул тууралуу партия бүгүн тараткан билдирүүдө айтылат. Анда 10-октябрдагы парламенттик шайлоо негизинен тынч, мурдагы добуш берүүлөргө салыштырмалуу ачык жана акыйкат өткөнү белгиленген. Ошондой эле эски адаттарды бир заматта жок кылуу мүмкүн эместиги, айрым жерлерде майда-барат мыйзам бузуулар болгону, бирок ал шайлоо жыйынтыгына таасир этпегени айтылат. “Тилекке каршы шайлоодо криминалдык, финансылык ресурстарды колдонуу кеңири жайылып, атаандашкан партиялар менен шайлоочуларга тыштан саясий жана маалыматтык басым да болгону байкалды, бирок буга карабай шайлоо болду”, - деп белгиленет билдирүүдө. “Ата Мекен” партиясы ошондой эле Кыргызстандын жаңы тарыхында эми бийлик Убактылуу өкмөттөн жаңы шайланган парламентке мыйзамдуу жол менен өтөөрүн белгилеп, добуш берүүдөгү анча-мынча терс жагдайларга карабай шайлоо жыйынтыгын таанырын айткан.
“Ата Мекен” партиясы 10-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгында 5,6 пайыз добуш менен бешинчи орунда келатат.(SM)
“Ата Мекен” партиясы 10-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгында 5,6 пайыз добуш менен бешинчи орунда келатат.(SM)