Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:57

Палестиндер Израилдин сунушуна макул болгон жок


Палестиндер Израил премьер-министри Бенямин Нетаняхнун сунушун четке какты. Нетаняху эгер палестиндер Израилдин жөөттөрдүн тууган жери деп тааныса, Батыш Иорданда жаңы жөөт конуштары курулбайт деген сунушун айткан эле. Палестин тараптын айтышынча, береги сунуштун тынчтык сүйлөшүүсүнө эч кандай тиешеси жок.

Эл аралык коомчулук Израилден Батыш Иорданда конуштарды кеңейтпөөнү жана палестиндер менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн улантууну талап кылууда. Тынчтык сүйлөшүүсү сентябрдын башында Вашингтондо АКШнын арачылыгы менен башталган.

Палестиндер Израил 1967-жылкы согушта басып алган Батыш Иордандын аймагы болочок палестин мамлекетине таандык деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG