Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:45

Украинада автобус поезди сүзүп, 42 киши өлдү


Украинын Днепропетровск облусундагы Марганец шаарчасына чукул жерде жүргүнчүлөрдү тарткан автобусту поезд коюп кетип, 42 киши набыт болду. Бир нече киши оор жараат алды. Апаат жөнүндө унаа министри Константин Ефименко өкмөт жыйынында буларды кабарлады:

-Автобус токтоп турган. Тирүү калган жүргүнчүлөр айдоочуга эскертүүчү коңгуроо кагылганын, ордунан козголбосун айтышкан. Бирок айдоочу ордуна отуруп, автобусту локомотивдин жолун көздөй айдап жөнөгөн.

Полициянын маалымдашынча, 30 жылдык шофердик стажы бар айдоочу өзү да кырсыкта каза тапкан. Украинанын премьер-министри Николай Азаров өкмөткө жакындарын жоготкон ар бир бүлөгө 12 600 доллардан төлөп берүүнү буйруду.

XS
SM
MD
LG