Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:11

Орусия Грузиянын визалык чектөөнү алып салганын айыптады


Орусия Грузиянын Түндүк Кавказ республикалары үчүн визалык чектөөнү алып салганына нааразы, Москва Грузиянын бул чечимин «бузукулук жана пропагандалык кадам» деп баалады. Президент Саакашвили Түндүк Кавказдын Дагестан, Чеченстан, Ингушетия, Түндүк Осетия, Кабардин-Балкар, Карачай-Черкес жана Адыгей республикаларында жашаган орусиялык жарандарга Грузияга визасыз кирүү тууралуу чечимге кол койду. Бүгүнтөн тарта бул аймактардын жашоочулары Грузияда 90 күн визасыз эркин жүрө алат.

2008-жылы эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамиле үзүлгөндөн кийин орусиялык жарандар Грузияга кирүүгө Москвадагы Швейцариянын элчилигинен же Тбилиси эл аралык аэропортунан виза алуусу керек болчу.

XS
SM
MD
LG