Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:52

Тажикстан мал, эт, картошка, жүн жана метал экспорттоого тыюу салды


Президент Рахмон мындай жардыкка 11-октябрда кол койду. Президенттин маалымат кызматы бул чектөө ата-мекендик өндүрүштү өнүктүрүү жана ички базарда тамак-ашка болгон бааны иретке салуу максатын көздөөрүн билдирет.

Көз карандысыз булактардын маалыматында, Тажикстандын экспортунун 70% алюминий ээлейт, «Талко» ишканасы чыгарган метал толугу менен башка өлкөгө кетет. Анткени өлкөнүн өзүндө алюминий иштете турган өндүрүш жок.

Тажик статистика комитети болсо өлкө тирүү мал, эт, картошка экспорттобой тургандыгын, тескеринче жашылча-жемиш Иран менен Пакистандан келерин билдирет.

XS
SM
MD
LG