Бул тууралуу “Замандаш” партиясынын төрагасы Муктар Өмүракунов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, учурда жети партия добуш берүүдө мыйзам бузулду деген аймактар боюнча фактылардын негизинде БШКга добуштарды кайра саноо талабы менен кайрылышты. “Мындай талабыбызга боршайкомдун төрагасы көндү, эми биз уурдалган добуштарыбызды мыйзам чегинде кайтаруу аракетин көрөбүз”,-дейт М. Өмүракунов. Шайлоодо жеңилген айрым партиялардын өкүлдөрү кечээ президент Р.Отунбаева менен жолугушуп, шайлоо таза өтпөгөнүн, республика боюнча добуштарды кайра саноо керектигин айтышкан. Президент эгерде партиялардын шектенүүлөрү чын болуп чыкса, анда талаштуу добуштарды кайра санаш керек деген сунушка макул болгон, дейт Өмүракунов.
Азырынча бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы тастыктай элек. (ES)
Азырынча бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы тастыктай элек. (ES)