Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:42

Чилиде 33 кенчи аман-эсен жер бетине чыгарылды


Чилиде 70 күн 600 метр тереңдикте камалган 33 кенчи аман-эсен жер бетине чыгарылды. Чилинин улуттук баатырларын өлкө президенти Себастиан Пинера баш болгон жетекчилер, кенчилердин жакындары ый-күлкү менен тосуп алып жатышты. Миңдеген журналисттер уникалдуу куткаруу операциясын чагылдырууда.

622 метр тереңдиктен диаметри 53 см болгон темир калыпка тигинен турган бир киши атайын көзөнөк аркылуу 15-18 мүнөттө жердин үстүнө көтөрүлүп турду. Шахтерлорду сыртка чыгаруу үчүн 6 куткаруучу кенге түшкөн. Чилинин өнөр-жай министринин айтымында, шахтерлорду куткаруу пландагандан алда-канча тез жүрдү. Саламаттык сактоо министри ооруканага жаткырылган шахтерлордун көбүнүн көзү менен тиши илдетке чалдыкканын билдирди.

XS
SM
MD
LG