Президент Роза Отунбаеванын дарегине 10-октябрдагы парламенттик шайлоонун тынч жана таза өтүшүн куттуктаган каттар келе баштады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет. Ушул тапта мындай куттуктоолорду Өзбекстандын президенти Ислам Каримов, Франциянын Тышкы жана Европа иштери боюнча министрлиги жөнөтүштү. (IJz)