Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:56

АКШда 40тан ашуун армянга айып коюлду


Өлкөнүн укук коргоо органдарынын жарыясына караганда, жергиликтүү армяндардын кылмыштуу синдикатынын 44 мүчөсү 100 миллион долларга көз бойомочулук кылганы үчүн айыпталууда. Расмий маалыматка караганда, алардын иши АКШнын 25 штаттындагы 118 медициналык жай менен байланышта каралып жатат. Башкача айтканда өкмөттүн медицианалык камсыздоо программасы – Medicareден каражат алуу үчүн 100 миллион долларга жалган фактуралар жөнөтүлгөн. Кылмышкер деп айыпталып жаткандардын 41и камакка алынган. Америкалык прокурорлордун айтымында, бул кылмыштуу топ Нью-Йоркто жана Лос-Анжелесте жайгашкан жана өз ишин жүргүзүүдө классикалык мафиянын стилин карманган.

XS
SM
MD
LG