Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:24

НАТОнун башкатчысы мүчө өлкөлөрдү ракетадан коргонуу системасын курууга чакырды


Андерс Фог Расмуссен альянска кирген өлкөлөрдү экономикалык кризисти коштогон каржылык кыйынчылыктарга карабай, ракетадан коргонуу боюнча сунуш кылынган системаны ишке киргизүүгө чакырды. Ал бул тууралуу бүгүн уюмга мүчө өлкөлөрдүн коргоо жана тышкы иштер министрлеринин сейрек өтүүчү биргелешкен жыйынында айтты. Расмуссен белгилегендей, ракетадан коргонуу боюнча буга чейин сунуш кылынган системанын чыгымын көтөрүүгө болот. Брюсселдеги жыйыныда НАТОнун “стратегиялык концепциясынын" жаңы долбоору талкууланууда. Анда касташкан өлкөлөрдүн ракеталары, террорчулук, компьютердик чабуул өңдүү жаңы коркунучтарга көңүл бурулат. Документтин соңку варианты НАТО лидерлеринин келерки айда Португалияда өтүүчү саммитинде бекитилет. Буга чейинки сратегиялык концепциясын НАТО 1999-жылы жактырган болчу.

XS
SM
MD
LG