Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:32

Чили жер алдындагы кенчилер аман –эсен куткарылгандыгын майрамдоодо


Өлкө президенти Себестьян Пиньера бул окуяны Чилини бириктирген “керемет” деп атады. Алтымыш тогуз күндүк өмүрүн 700 метрге жакын тереңдикте өткөргөн 33 кенчи атайы даярдалган капсула аркылуу бир суткага жетпеген убакыт аралыгында сыртка чыгарылды. Кырсык Чилинин түндүгүндөгү Атакама алтын жана жез кенинде август айынын башында болгон. Алар аман-эсен экендиги 17 күндөн кийин гана билинген. Жер алдынан мынчалык узун мөөнөт ичинде адам аман –эсен чыккан учур буга чейин болгон эмес.

XS
SM
MD
LG