Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:25

Вашингтондо 121,7 миллион доллар тартуу боюнча сүйлөшүү жүрдү


Вашингтонго барышкан каржы министри Чоробек Имашев, экономиканы тескөө министри Эмил Үмөталиев жана Улуттук банктын төрайымы Бактыгүл Жээнбаевалар Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта корунун жыл сайын өтүүчү башкаруучулар кеңешинин жолугушуусуна катышышты.

Дүйнөлүк банк менен Кыргызстандан барган делегация ортосунда 10 миллион долларлык грант берүү тууралуу келишимге кол коюлду. Бул каражат Кыргызстанга Европа Биримдиги аркылуу келмекчи. Ошондой эле Дүйнөлүк банктан 70 миллион долларлык жеңилдетилген кредит жана гранттарды алуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрдү. Андан тышкары Европа комиссиясы Кыргызстандын макроэкономикалык туруктуулугун камсыздоо, бюджетин бекемдөө максатында 41,7 миллион доллар өлчөмүндө грант берүүгө макулдугун берди. Ошентип бир канча күндөн бери Вашингтондо жүргөн кыргызстандык делегация 121,7 миллион доллар тартуу боюнча сүйлөшүштү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Экономиканы тескөө министрлигинин маалымат кызматы билдирди. (IJz)

XS
SM
MD
LG