Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:45

Бишкекте жол тосууга аракет болду


“Мекен шейиттери” жана “Айкөл Ала-Тоо” кыймылынын 50 чакты адамы кечке жуук Бишкектеги “Хаят” мейманканасынын жанында Совет көчөсүн тосууга аракет кылышты. Алардын мындай аракетин милиция кызматкерлери токтотуп, натыйжада жол тосууга аракет кылгандар менен милиция кызматкерлеринин ортосунда кайым айтышуулар орун алды.

Бул тууралуу “Азаттыкка” “Мекен шейиттери” кыймылынын мүчөсү Турат Сагындыков билдирди. Учурда кыймылдын мүчөлөрү кайрадан Жогорку Кеңештин алдына келишти. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы “Азаттыкка” мындай аракет болгонун тастыктап, жол тосууга аракет кылгандар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлөрүн, мыйзам чегинен чыккан аракеттерге жол берилбесин билдиришти.

Жогорудагы кыймылдар 7-апрелдеги ыңкылапты коргоп калышарын айтып, эки-үч күндөн бери шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болушуп, К.Бакиевдин адамдарын бийликке жолотпоону талап кылышууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG