Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:02

Айрым партия лидерлери Москвада жүргөнү кабарланууда


Орусиялык айрым маалымат агенттиктери кечээтен бери “Ата Журт” партиясынын теңтөрагасы Мыктыбек Абдылдаев, “Ар-намыстын” башчысы Феликс Кулов жана “Республика” партиясынын жетекчиси Өмүрбек Бабанов Москвада Кремль менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын жазып чыгышты. Бул маалыматты “Ата Журт” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Садыр Жапаров четке кагып, партиянын бардык лидерлери Бишкекте экенин “Азаттыкка” кабарлады. Ал эми “Республика” партиясынын штабы бул маалыматты тастыктаган да, төгүндөгөн да жок.
“Ар-намыс” партиясынын саясий кеңешинен Ф. Кулов Орусияга кеткенин “Азаттыкка” тастыкташты.
Парламенттик шайлоодо утуп чыккан партиялар коалиция түзүүдө расмий Москванын буйругун угат деген пикирлерди буга чейин кээ бир талдоочулар айтып келишкен. “Республика” партиясынын лидери Ө. Бабанов Орусияны стратегиялык өнөктөш тутарын билдирип, бирок бакиевчилерди алып келүүнү көздөгөн партия менен кызматташа албасын айткан эле. Кечээ “Ар-намыс” партиясынын саясий кеңеш мүчөсү Турсунбай Бакир уулу партия “Ата Журт” менен коалиция түзүүгө даяр экенин билдирген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG