Ак үйдүн алдында парламентке мурдагы президент Курманбек Бакиевдин убагында иштегендерди өткөрбөөнү талап кылып, акция өткөрүп жаткан адамдар менен президенттин саясий кеңешчиси Топчубек Тургуналиев жолугушту. Ал нааразылык иш-чарасына чыккандар менен пикирлеш экендигин билдирип, шайлоодо озуп чыккан айрым партия башчыларынын Кыргызстанда президенттик башкарууну орнотуу саясатына толугу менен каршы экенин билдирди. Т. Тургуналиев ошондой эле 10-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына бийлик таасир бере албасын кошумчалап, "бакиевчил күчтөр менен күрөшүүнүн башка жолдорун ойлоп табабыз" деп билдирди.
7-апрелде жакындары окко учкан адамдар, “Мекен шейиттери”, “Айкөл Ала-Тоо” кыймылдарынын мүчөлөрү бүгүн эртең менен Өкмөт үйүнүн алдына чогулуп, апрель курмандыктарына коюлган эстеликтин алдында өлгөндөрдүн арбактарына багыштап куран окушту. Алар "мурдагы президент К. Бакиевди кайра алып келе турган күчтөр парламентке келбесин" деген талап менен 13-октябрдан бери мөөнөтсүз акция өткөрүп жатышат. Нааразылык акциясына чыккандарга "7-апрель" кыймылы кошулду. (ZKo)
7-апрелде Өкмөт үйүнүн алдында мурдагы президент К. Бакиевдин башкаруу режимине каршы чыккан элге атылган октон 87 киши өлгөн. Алардын айрымдарына “Апрель элдик революциясынын баатыры” деген наам берилген. (ZKo)