Кытайлык 100дөн ашуун укугун коргоочу ачык кат жолдошуп, Кытай өкмөтүн Нобелдин тынчтык сыйлыгынын лауреаты Лю Сяобого эркиндик берүүгө чакырды. Кат ээлери Кытай жетекчилигин Люга Нобелдин тынчтык сыйлыгы берилгенине “реалдуу жана түшүнүү менен мамиле кылууга” үндөйт. Кытай Нобель комитетинин чечимине нааразы болуп, Люну “кылмышкер” деп атаган. Бир апта мурда Люга сыйлык ыйгарылгандан кийин Кытай компартиясынын аксакалдар тобу ырасмий Бээжинди сөз эркиндигин кеңейтүүгө чакырып, ачык кат жазган.