Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:15

Тажикстан: Кечээ душман, бүгүн дос


Раштагы уруштар учурунда тажик армиясы алтымыштан ашуун аскеринен, кеминде бир тик учагынан айрылды.
Раштагы уруштар учурунда тажик армиясы алтымыштан ашуун аскеринен, кеминде бир тик учагынан айрылды.

Тажикстандын куралдуу кагылыштар орун алган Рашт өрөөнүндө расмий өкүлдөр мурдагы оппозициянын жергиликтүү кол башчыларынын айрымдарын өкмөттүк күчтөр менен бирге иштөөгө көндүрө алгандыгы кабарланууда.

22-сентябрдан бери Тажикстандын куралдуу күчтөрү аскерий операция өткөрүп жаткан чыгыштагы Рашт өрөөнүндө мыйзамсыз куралдуу топтор менен кандайдыр бир сүйлөшүүлөр жүргөнүн же жүрүп жатканынын расмий булактар ырасташа элек. Бирок Дүшөмбүдөгү көз карандысыз “Азия плюс” агенттигинин жума күнкү кабарына караганда, Мирзохожа Ахмадов жана молдо Садриддин дегендердин 27 адамдан турган куралдуу тобу бийликтерге багынып берген.

“Азаттык” радиосунун Тажик кызматы коопсуздук мекемелериндеги булактардан жана жергиликтүү тургундардан алган маалымат боюнча Мирзохожа Ахмадов 14-октябрь күнү Рашт районунун борбору Гармда тажик парламентинин төмөнкү палатасынын спикери Шүкүржон Зухуров менен кездешкен. Аны дагы бир мурдагы талаа командири Шох Искандаров коштоп келген.

Раштын тоолорунда кимдер жүрөт?

Дүйшөмбү шаарындагы ИНДЕМ аналитикалык борборунун өкүлү Саймуддин Дустов “Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде расмий бийлик азырынча танып жаткан сүйлөшүүлөрдүн башталышын Рашт аймагындагы тоолордо бөгүп жүргөн адамдардын ким экендиги аныкталып калгандыгы менен түшүндүрдү:

- Себеби тоолордо чынында кимдер жүргөнү кандайдыр бир деңгээлде анык болду. Башкача айтканда азыр Рашт аймагынын тоолорунда жүргөн, саны жагынан анча көп эмес топтордун, күчтөрдүн классификациясы бар. Азыр ал жакта төрт топтогу адамдар жүрөт деп эсептелинүүдө. Биринчиси шарттуу түрдө Өзбекстан ислам кыймылы деп аталып жаткан топ. Бул топто алтымыштан токсонго чейин киши бар. Негизинен чет элдик жалданмалардан турат, арасында тажикстандыктар аз эле.

Мирзохожа Ахмадов жарандык согуш аяктагандан кийин Рашта ички иштер органдарында иштеген.
Талдоочу Саймуддин Дустов кошумчалагандай, тажик бийликтери дагы бир талаа командири Абдулло Рахимов же молдо Абдуллонуку деп атаган согушкерлерди ушул алгачкы тайпага кошууга болот. Ал эми экинчи топ - Раштагы аскерий операциялардан улам өз коопсуздугунан тынчызданып тоого курал менен же куралы жок кеткен жергиликтүү тургундар.

Үчүнчү, саны жагынан эң аз топ - август айынын соңунда Тажистандын Улуттук коопсуздук комитетинин түрмөсүнөн качкандар. Анда качып кеткен 25 адамдын азыркыга чейин үчөө жок кылынып, жетөө кайра кармалган.

Ал эми Раштын тоолорундагы төртүнчү топ - талдоочу Саймуддин Дустов белгилегендей - азыр тажик маалымат каражаттары куралын таштаганы, атүгүл аймактагы “чет элдик согушкерлерге” каршы өкмөттүк күчтөр менен биргелешип күрөшүүгө көнгөнү жөнүндө кабарлап жатышкан Мирзохожа Ахмадов менен молдо Садриддин топтору. Саймуддин Дустовдун пикиринде, эгер Рашт аймагындагы жана Тоолуу Бадахшандагы мурдагы командирлер өкмөттүк күчтөргө чындап эле колдоо көргөзсө, тоолорду “чет элдик жалданма” согушкерлерден бат эле тазалоого болот.

Бийликтин сунушу алгачкы натыйжасын бере баштадыбы?


Башында тажик коргоо министрлиги Абдулло Рахимов же молдо Абдулло, Аловуддин Давлатов (Али Бедак) дегендердин топтору менен катар Мирзохожа Ахмадовду да 19-сентябрда Рашт өрөөнүндөгү Камароб капчыгайында аскерий кербенге буктурмадан жасалган кол салуу үчүн айыпташкан. Анда 26 жоокер каза тапкан. Бул окуянын артынан өкмөттүк күчтөр Мирзохожа Ахмадовдун Раштагы үйүнө чабуул жасап, ал качып кеткени кабарлаган.

Кезинде мурдагы Бириккен тажик оппозициясынын колбашчыларынын бири болгон Ахмадовдун өзү капчыгайдагы кол салууга тиешеси жоктугун айтып, өкмөттү эски оппозициянын адамдарына кайра кысым көргөзүп жатканы үчүн айыптаган. Эми анын өкмөт менен иштешүүгө кайра макул болуп жатышы, талдоочу Саймуддин Дустовдун пикиринде, Ахмадовдун тобунун Камароб капчыгайындагы кол салууга тиешеси бардыгы далилденбегине байланыштуу болушу мүмкүн.

Коопсуздук мекемелериндеги булактар “Азаттык” радиосунун Тажик кызматына Мирзохожа Ахмадов 14-октябрда Гармда, парламент төрагасы менен жолуккан учурунда президент Эмомали Рахмондун мунапыс боюнча сунушун кабыл алгандыгын айтышты. Борбордук бийлик куралын өз эрки менен тапшырган согушкерлер кылмыш жоопкерчилигине тартылбасын ушул апта башында жарыялаган болчу.

Бирок сүргүндөгү тажик журналисти, оппозициячыл "Ватандор" кыймылынын лидери Додожон Атавуллоев бийлик бир талаа командири менен элдешсе эле кырдаал турукташпайт, ал эми мунапыс ишке ашарына ишеним жок деп эсептейт:

- Албетте мурдагы оппозициянын белгилүү командири Мирзохожа Ахмадовдун элдешүүсү кырдаалдын стабилдешүүсүнө алып келсе, кубанууга болот эле. Бирок, менин пикиримде, бул эч нерсени билдирбейт. Себеби мен, биринчиден, президент Рахмондун жана анын командасынын алар террорист, экстремист деп атаган, жок кылгысы келген кечээги душмандарын чын ниетинен кечирип жатканына ишенбейм. Эгер Рахмон Мирзохожа Ахмадов менен дагы бир ирет тил табышкан болсо деле бул кырдаалды өзгөртпөйт. Тажикстанда болуп жаткандарга ичи чыкпаган башка адамдар, командирлер ( мурдагы), топтор бар. Мунапыс, элдешүү, кечирүү деген түшүнүктөрдүн баары Тажикстанда маани-маңызын жоготуп койгон. Буга көп деле ишенишпейт. Тигил же бул тараптын кезектеги капканы болушу мүмкүн.


Белгисиз өлкөнүн изи

Тажик расмий өкүлдөрү жана бийликке жакын эксперттер Раштагы окуялар үчүн Тажикстанды дестабилдештирүүнү көздөгөн чет өлкөлөрдү айыптаган, бирок алар ким экендигин ачык айткан эмес. Тажик Ички иштер министрлиги жакында Раштан курал-жарак, азык-түлүк, кийим-кече жана пропагандалык материалдар катылган жай табылгандыгын билдирген. Дүйшөмбү шаарындагы Стратегиялык изилдөөлөр борборунун орун басар директору Сайфулло Сафаровдун пикиринде, согушкерлер Камароб капчыгайында жасаган кол салуунун масштабы алардын артында кубаттуу демөөрчүлөр турганын ишара кылууда:

- Бул куралдуу топтордун ошончо көлөмдөгү курал-жаракты өз акчасына сатып алышы мүмкүн эмес. Жарандык согуш учурунан да курал-жарак калганы менен алар сырттан каржылык колдоо алган. Анткен менен кайсыл өлкө же топ аралашканын айтуу кыйын.

Рашт өрөөнүндөгү кырдаал али олку-солку бойдон калууда. Өкмөттүк күчтөр Камароб капчыгайында согушкерлерди издөө операциясын улантып жатат. Капчыгайды көздөй кеткен жолдор жабылып, өрөөн менен телефон байланышы үзүлгөндүктөн так маалымат алуу кыйын. Расмий өкүлдөр кырдаал боюнча коомчулукка жарытылуу түшүндүрмө бере элек. Мамлекеттик теле-радио болсо Раштагы окуяларды үсүл-кесил гана чагылдырууда.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG