Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:07

"Ал-Каида" Европада террордук иштерди даярдап жатат


Бул тууралуу Сауд Арапстандын атайын кызматтары ырасмий Парижди маалымдар кылганын Франциянын ички иштер министри Брис Ортефо ырастады. Маалыматта "Ал-Каида" Арап жарым аралында активдүү аракеттерге өткөнү жатканы, бул коркунуч европалык өлкөлөргө да, өзгөчө Францияга жайылтыла турганы айтылат. Бир нече апта мурда Европанын бир катар өлкөлөрүндө террордук коркунучтун деңгээли жогорулатылган болчу. Буга "Ал-Каиданын" Ооганстанда жана Пакистанда жайгашкан бөлүктөрү Европада террордук иштерди жасаганы жатканы тууралуу кабар себепчи болгон.

XS
SM
MD
LG